БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Гагауз башчысы Евгения Гуцул Молдовадагы парламенттик шайлоодо кулдай кылып сырттан башкарууга каршы добуш берүүгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Молдовада бүгүн шайлоо болуп жатат. Элдин үчтөн бири келсе бул саясий жараян өттү деп эсептелмекчи.
"Биз кулдай кылып сырттан башкарууга, кийинки муундардын колу-бутун байлап кое турган түбү жок насыяларга, өлкөбүздү башка согуштарга тарткан милитаризацияга катуу эле "жок" деп айтышыбыз керек. Биздин добуш — биздин тынчтыгыбыз, эркиндигибиз, эгемендүүлүгүбүз", — деп жазган Евгения Гуцул.
Өлкөнүн башчылары оппозицияны бийликке жеткирбөө үчүн ар кандай ыкмаларды колдонгон. Мисалы, добуш берүүдөн бир күн мурда БШК ("Сердце Молдовы") оппозициялык партияны тизмеден чыгарган. Ошондой эле бийлик РФ жана Приднестровьедеги шайлоо тилкелеринин санын кыскартып, жарандардын оппозицияга добуш бере албай калышына аракеттенген. Ал эми Европа тарапта алардын санын кескин көбөйткөн.
Парламентке өтүү укугу үчүн 23 тарап күрөшүүгө даяр. Алар: 15 партия, төрт блок жана көз каранды эмес төрт талапкер. Парламентте 101 орун бар. Көз каранды эмес талапкерлер парламентке баруу үчүн добуштардын 2 пайыздык босогосунан өтүү керек, партияларга — 5, блокторго 7 пайыздык босого каралган.