БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын "Акыркы кат" спектакли Казакстандагы эл аралык фестивалда "Эң мыкты спектакль" деп бааланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык театр фестивалы Актау шаарында өтүп, ага 7 өлкөнүн театры катышкан.
Театр иш-чарага драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык, Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган "Акыркы кат" спектакли менен барган.
Чыгармада Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүүдөн тартып мамлекеттин, элдин жаркын келечеги үчүн жан үрөгөн улуу инсандардын баа жеткис эмгеги баяндалат.