БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкекте дагы бир келин кайгуул милициясынын машинасынан көз жарганын Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Ага ылайык, кайгуулчулар кечээ кечинде толгоосу бышып калган келинди тезирээк төрөт үйүнө жеткирип коюуну чечишкен. Бирок медиктерге жетпей ымыркай жолдон эле жарык дүйнөгө келген.
Эне-бала төрөт үйүнө жеткирилгени, экөөнүн тең абалы туруктуу экени айтылды.
Эске салсак, кечээ дагы Бишкектин тургуну шаардагы жол тыгындан улам төрөт үйүнө жетпей калып, кайгуулчулардын автоунаасынан көз жарган.