Азык-түлүк дагы да арзандайт. "Евразия" дүкөнү "социалдык себет" долбоорун баштады

Sputnik
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. "Евразия" социалдык дүкөндөрү калкты колдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. Бүгүндөн тарта "социалдык себет" долбоору менен күнүмдүк жашоодо колдонулган азыктарды өздүк наркынан төмөн баада алууга шарт түзүлдү.
Долбоордун башкы артыкчылыгы — арзандатуудан улам жаралган айырманы "Евразия" фонду каржылап берет. Бул чечим товарларды калктын аяр катмарына (пенсионерлер, ардагерлер, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер) жеткиликтүү кылат.
Эт, өсүмдүк майы жана сары май көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн күнүмдүк рационуна киргендиктен социалдык себетке кошулду. Керектөөчүлөрдүн муктаждыктарына жараша товарлар ай сайын өзгөрүп турат.
Долбоор "Евразия" социалдык дүкөндөрү менен "Кыргыз агрохолдинг" компаниясынын ортосундагы кызматташтык алкагында ишке ашууда. Аталган компания күн сайын жаңы союлган малдын этин жеткирип турууга милдеттенген. "Евразия" социалдык дүкөндөр тармагы бардык кардарлары жана керектөөчүлөрүнүн атынан өнөктөш ишканага ыраазычылык билдирди.
Бишкекте "Евразия" аталышындагы алгачкы социалдык дүкөн ачылды. Видео