Күч тең эмес эле: душмандын кургактагы аскери 67 миң болсо, Севастополь гарнизонунда болгону 7 миң жоокер бар болчу. Флоту үч эсе күчтүүлүк кылган. Шаарды бир жумада алып коебуз деген антироссиялык коалиция тургундар менен 11 ай тирешкен.
Коргонуу башталар алдында адмирал Нахимов өзгөчө стратегиялык чечим кабыл алып, "душманга тосколдук жаратуу үчүн" жети эски кемени сууга чөктүрөт. Мындай кадам каршы тарапка деңизден чабуул жасоого мүмкүндүк бербейт.
Севастополдогу окуялар Крым согушунун кульминациясы болот. Душман Россияны чөк түшүрө албастыгын түшүнүп, каршылашуу абдан оор болорун аңдайт.
По теме: