Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу тууралуу токтом кабыл алды

Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында "VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө" токтомунун долбоору каралып, эл өкүлдөрү аны колдоого алды.
Демилгени кароодо депутат Улан Примов баяндама жасап, мындай сунушка эки шайлоонун удаа келиши менен "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча" жаңы мыйзам себеп болгонун айтты.
"Кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрына, президенттик шайлоо 2027-жылдын январына бегиленген. Бул учурда ортодо 2-3 айлык гана убакыт калууда. Эки өнөктүк удаа келгенде саясий туруктуулук бузулуп, кошумча каржылык, адамдык, материалдык жана техникалык ресурсту талап кылат. Мындан улам жеке кызыкчылыгыбызды четке чыгарып, өлкө кызыкчылыгы үчүн өзүн-өзү таркатууну колдоп берериңиздерге ишенебиз", — деди Примов.
Белгилей кетсек, буга чейин парламентте өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгечи топ түзүлгөн. Алар 32 депутаттан кол топтоп, демилгени тармактык комитет караган. 23-сентябрь күнү Сот-укук маселелер боюнча комитет колдоп берген. Бүгүн жалпы жыйында кароо маалында катталган 89 депутаттын ичинен 84 эл өкүлү өзүн-өзү таркатууга макул болушту. Эми беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Жаңыча өтө турган шайлоо. Депутат болом дегендер эмнени эске алышы керек