БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен "Евразия Кей Джи" коомдук фонду кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Документ жаштар саясаты багытындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, жаштардын демилгелерин колдоого жана маданий мурастарды сактоого багытталган.
"Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүп, салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык баарлашууну өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууну максат кылат. "Евразия" социалдык маанилүү демилгелерди колдойт, ар кандай маданиятты алып жүргөн адамдарга бири-бири менен баарлашууга мүмкүнчүлүк берет. Билим берүү, медицина, жаштар чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырат.
Негизги багыттардын бири — окуучуларды, студенттерди, жаш адистерди колдоо. Ишке ашып жаткандардын арасында билим берүү программалары, ири мамлекеттик компанияларда тажрыйба алмашуу жана медиамектеп долбоорлору бар.
Ошондой эле "Евразия" долбоору мектеп жана ЖОЖ мугалимдери үчүн кесиптик платформалар жана форумдар, журналисттер менен блогерлер үчүн гранттар, тарыхты жана маданиятты сактоо жаатындагы демилгелерге колдоо көрсөтүүнү камтыйт.