Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Парламент өзүн-өзү таркатты. Мындан аркы процедура кандай болот?

Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бүгүн парламент "VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу жөнүндө" токтом кабыл алды. Мыйзамга ылайык, мындан аркы кадамдар кандай болот?
"КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын талаптары төмөнкүдөй:
Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан күндөн тартып беш күн ичинде президент кезексиз шайлоону дайындайт;
президенттин жарлыгы кол коюлган күндөн тартып үч күн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга тийиш;
эгерде президент көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө шайлоону дайындабаса, шайлоо автоматтык түрдө дайындалды деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы эки күн ичинде шайлоону өткөрүү датасын расмий жарыялайт жана өнөктүктү уюштура берет;
мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалгандан кийин 45 күндөн кечиктирбестен добуш берүү өткөрүлүүгө тийиш;
учурдагы депутаттар өзүнүн ыйгарым укуктарын жаңы чакырылыштын биринчи жыйналышына чейин аткарат.
ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билдирүү жасап, кезексиз шайлоо 30-ноябрда өтөрүн айтты.
Жогорку Кеңеш быйыл кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, келе турган парламент 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округунан түзүлөт. Алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Жаңыча өтө турган шайлоо. Депутат болом дегендер эмнени эске алышы керек