Палестина президенти ХАМАС курал-жарагын ташташы керектигин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. —Sputnik. ХАМАС Палестинаны башкара албайт, курал-жарагын ташташы керек. Бул тууралуу Палестина президенти Махмуд Аббас видеобайланыш аркылуу БУУнун Башкы Ассамблеясында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз 7-октябрдагы чабуулду айыптайбыз, анда Израилдин жарандары жабыркап, айрымдары туткунга алынды. ХАМАС келечекте Палестинаны башкара албайт, кыймыл курал-жарагын ташташы керек", — деди Аббас.
Ал муну менен бирге Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттери адамзатка каршы кылмыш болуп саналарын белгиледи.
Өлкө башчысы анын администрациясы Газа тилкеси үчүн жоопкерчилик алууга даяр экенин айткан.
Эрдоган: Газа тилкесинде адамзат алды-кийин көрбөгөн мыкаачылык болууда