БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. НАТО өлкөлөрү россиялык учактарга ок чыгарбашы керек. Бул туурасында Франциянын президенти Эммануэль Макрон айтканын France 24 телеканалы жазды.
АКШ президенти Дональд Трамп аскердик блоктун мүчөлөрү альянстын аба мейкиндигине Россиянын учактары кирип келсе атыш керектигин белгилеген эле.
"Алардын текшерип жатканын көрүп турабыз. Жооп кылып, атпайбыз... Менимче, мындай текшерүүгө жалпыбыздын берген жообубуз пропорционалдуу болду. Эгерде жаңы чагымдар болсо бир аз катуураак жооп бергенибиз маанилүү", — деген Макрон.
Анын айтымына караганда, НАТО мамлекеттери Украинага көмөктөшөрүн жана өзүнүн аба мейкиндигин коргоону уланта турганын көрсөтүү зарыл.
Польшанын премьер-министри Дональд Туск 10-сентябрда өз өлкөсүнүн үстүнөн "кооптуу" дрондор атып түшүрүлгөнүн айтты. Аларды Россияныкы деп атап, бирок эч кандай далил келтирген жок. ЕКтин жетекчиси Урсула фон дер Ляйен сөз болуп жаткан дрондордун саны ондон ашык экенин билдирди.
Кийинчерээк Эстония да далилсиз эле Россия аба мейкиндигин бузду деп жарыялады. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков бул билдирүүлөрдү негизсиз деп атаган.
Румындардын Улуттук коргонуу министрлиги 20-сентябрда алардын аба мейкиндигин кыска убакыт ичинде дрондор бузуп киргендигин, бирок ал элдин коопсуздугуна коркунуч жаратпагандыгын билдирди. Мындай нерседен улам Россиянын элчиси Олег Липаев румын ТИМине чакырылганы, бирок пилотсуз учуучу техниканын алардыкы экендигине далил келтирилбегендиги кабарланды.