Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров менен Рубио Украинадагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Нью-Йоркто АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Украинадагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Жолугушуудагы урунттуу учурлар:
аталган кризисти чечүүгө эки тарап тең кызыкдар экендиги айтылды;
РФ министри Москва Путин менен Трамптын Аляскада сүйлөшкөндөрүнүн негизинде иш алып барууга даярдыгын айткан;
Лавров Киев жана бир катар европалык өлкөлөр жылдырып сунуштап жаткан схемалардын туура эместигин, ал кабыл алынбастыгын белгиледи;
дипломаттар кызматташуу, эки тараптуу мамилелердин топтому боюнча сүйлөшкөн;
тааптар дипломатиялык миссиянын иштерин жаңылоо маанилүү экендигин белгилешти;
ТИМ багыты боюнча конструктивдүү диалогду улантууну шартташты;
Рубио АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы жаңжалды токтотуу боюнча чакырыгын кайталады;
мамлекеттик катчы Россиядан тынчтыкты узакка орнотуу үчүн чараларды көрүүнү суранды;
Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында болгон бул сүйлөшүү бир саатка чукул созулду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ БУУнун Коопсуздук кеңешинин алдындагы антироссиялык билдирүүгө кошулган жок