Жапаров Газадагы согушту токтотуп, Афганстандын активдерин кайтарууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп, Газадагы согушту токтотууга, Афганстандын тоңдурулган активдерин кайтарууга чакырганын анын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы дүйнө Газа тилкесиндеги аёосуз кагылышуулардын айынан эбегейсиз жоготууларга учурап жаткан Палестина элине тилектеш болушу керектигин белгилеген.
1 / 3

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп, Газадагы согушту токтотууга, Афганстандын тоңдурулган активдерин кайтарууга чакырганын анын маалымат кызматы билдирди

2 / 3

Мамлекет башчы дүйнө Газа тилкесиндеги аёосуз кагылышуулардын айынан эбегейсиз жоготууларга учурап жаткан Палестина элине тилектеш болушу керектигин белгилеген

3 / 3

Ошондой эле Палестина 1967-жылдагы чек аранын негизинде көз карандысыздыкка ээ болушу керектигин айткан. Андан тышкары, Афганстандын тоңдурулган активдерин кайтарууга чакырып, аталган өлкөнү эл аралык изоляциялап, каржылык жардамсыз калтыруу туура эместигине токтолду.

"Газадагы согушту жана үрөй учурган окуяларды токтотуу үчүн дагы эмне кылуу керек? Биз палестиналыктарга каршы геноциддин токтотулушун жана БУУнун Эл аралык соту иликтөөнү башташын талап кылабыз", — деген Жапаров.
Ошондой эле Палестина 1967-жылдагы чек аранын негизинде көз карандысыздыкка ээ болушу керектигин айткан. Андан тышкары, Афганстандын тоңдурулган активдерин кайтарууга чакырып, аталган өлкөнү эл аралык изоляциялап, каржылык жардамсыз калтыруу туура эместигине токтолду.
Ал Батыш өлкөлөрү тарабынан тоңдурулган 9 миллиард доллардан ашык акча афган элине кайтарылып, каражатты инфраструктураны калыбына келтирүүгө, жергиликтүү банк системасын колдоого, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшоо туура болорун кошумчалаган.
Эрдоган: Газа тилкесинде адамзат алды-кийин көрбөгөн мыкаачылык болууда