Аяп коет деп ойлобо! Ташиев транспорт министрин зекиди

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев транспорт министри Абсаттар Сыргабаев коррупциялык иштерге аралашканы тастыкталса камала турганын айтты.
Атайын кызматтын башчысы бүгүн "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал боюнча жыйын өткөрдү. Ал транспорт министрин ордунан тургузуп, подрядчылардан акча алганы тууралуу арыз түшүп жатканын эскерткен.
“Эгер маалымат тастыкталып калса түрмөгө камайм. Мени аяп коет деп ойлобо. Эч кимди аябайм. Мага азыр баары бир”, — деди Ташиев.
Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында УКМКнын кызматкерлери Ташиевдин катышуусунда 24 кызматкерди кармады.
Спорт департаментинде коррупциялык схема аныкталып, шектүүлөр кармалды