Өзгөчө оор кылмыштарга шектүү жаран Грузиядан кармалып, өлкөгө алып келинди

Sputnik
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. 10 жылдан ашык эл аралык издөөгө алынып, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелген жаран Грузиядан кармалып, өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматта шектүүнү экстрадициялоо эл аралык келишимдердин негизинде жана Грузиянын ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташуунун алкагында ишке ашканы белгиленген.
"А.Ж.М. аттуу киши 10 жылдан ашык эл аралык издөөдө жүргөн. Ал оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, анын ичинде далилдерди бурмалоого жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө айыпталууда", — деп айтылган маалыматта.
Шектүүнү алып келүүдө Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети иштешкен.
"Чалдыбардагы" коррупция. Ташиев өткөргөн жыйында 24 кызматкер кармалды