Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Байсалов: алдыдагы шайлоодо талапкерлердин кыргыз тилин билүүсү текшерилбейт

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Келе жаткан парламенттик шайлоодо талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсү текшерилбейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов II Кыргызстан — Россия билим берүү форумунда сүйлөп жатып билдирди.
Ал мамлекеттик тил боюнча жаңы кабыл алынган мыйзамдагы депутаттарды кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген норма коомчулукта кызуу талкуу жаратып, кайчы пикирлерди пайда кылганын белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов
"Жаңы мыйзам ар бир жаран мамлекеттик кызматка келип, өлкөнүн саясий турмушуна катышууга укуктуу болгон бириккен коомду түзүү максатын көздөйт. Бирок мыйзам дароо эле колдонулбайт. Өлкө жетекчилиги келечектеги парламентке көп улуттуу элдин өкүлдөрү да келерине үмүттөнөт", — деди Байсалов.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары буга чейин кыргыз тили боюнча талапты киргизүүнү бир нече жылга жылдырып туруу туура болорун билдирген. Акырындык менен өтүү мыйзамдын натыйжалуу иштөөсүнө өбөлгө болорун айткан.
Кыргыз тилинин көөнөлүгүн сактоо — кечиктирилгис милдет. Мамкатчынын куттуктоосу