Президенттик шайлоо өткөнгө чейин мэр, министрлер иштен кетпестиги айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президенттик шайлоо өткөнгө чейин ири шаарлардын башчылары, министрлер жана башка кызмат адамдары иштен кетпейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал социалдык тармакта Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев кызматынан алынды деген маалымат тарап жатканын, бирок ал чындыкка дал келбей турганын белгилеген.
"Алардын ишинде олуттуу кемчиликтер же мыйзам бузуулар аныкталган шартта гана өзгөчө учур болушу мүмкүн. Президенттик шайлоого чейин эч кандай кадрдык алмашуулар, анын ичинде кызматтан кетүүлөр же дайындоолор пландалган эмес. Мындай ыкма учурдагы команданын ишинде туруктуулукту жана ырааттуулукту сактоого багытталган", — деп жазган Алагөзов.
Ал жарандарды, ЖМК өкүлдөрүн жана социалдык тармактын колдонуучуларын такталбаган маалыматты жана ар кандай ушактарды жайылтуудан карманууга чакырган.
Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылы январдын аягында өтмөкчү. Бул туурасында мамлекет башчысы Садыр Жапаров жарлыкка кол койгон.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Жанар Акаев: эки шайлоо удаа келгендиктен бирөө эрте өтүшү керек