Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына ички баалоо башталып, кызмат көрсөтүү системасынын ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатын көздөйт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, атайын жумушчу топ түзүлүп, биринчи баскычында Стандартташтыруу жана метрология борборунун, ошондой эле Кыргыз аккредитация борборунун иши изилдене баштады.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына ички баалоо башталды. Алгач Стандартташтыруу жана метрология борборунун жана Кыргыз аккредитация борборунун иши каралууда. Ал үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, тиешелүү критерийлер бекитилди. Мындай кадам кызмат көрсөтүү системасынын ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатын көздөйт. Мындан тышкары, бюрократиялык, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп, сапатын жакшыртууга багытталат. Акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды да карап чыгып, атайын сунуштар берилет", — деди Сейитов.
Ал ошондой эле жашоочулар мамлекеттик кызматтардын иши боюнча пикир калтырып же сурамжылоодон өтө турган система кирерин кошумчалады.