Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Жогорку Кеңешти таркатуу демилгесин тармактык комитет колдоду

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинде Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын өзүн-өзү таркатуу сунушу каралып, колдоо тапты.
Демилгени кароодо депутат Улан Примов баяндама жасап, мындай сунушка эки шайлоонун удаа келиши менен "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча" жаңы мыйзам себеп болгонун айтты.
"Сунуш киргизүүгө парламенттин 32 депутаты кол коюп берди. Өлкөдөгү туруктуулук үчүн ушундай чечимге келдик", — деди Примов.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү колдоого алып, маселени кароонун датасын аныктоо үчүн өзүнүн чечимин Координациялык кеңешке жөнөттү. Сунуш эми парламенттин жалпы жыйынында каралат.
Белгилей кетсек, өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Эгерде токтом кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Жаңыча өтө турган шайлоо. Депутат болом дегендер эмнени эске алышы керек