БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. 24-сентябрь, шаршембиде, күндүз күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй жергесинде +21...+26, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл кылаасында +15...+20, Нарында +17...+22 градус жылуу болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаада +24...+26, Ош шаарында +27...+29 градуска чейин көтөрүлөт.