БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. 23-сентябрь, шейшембиде, күндүз айрым жерлерде жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +23...+28, Ысык-Көлдө +14...+19, Нарын аймагында +16...+21 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +18...+20, Ош шаарында +26...+28 градуска чейин көтөрүлөт.