БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. "Евровидение" сынагына альтернатива катары сунушталып жаткан "Интервидение" көп уюлдуу дүйнөнү жана салттуу баалуулуктарды колдоо идеясына негизделген. Бул тууралуу The Christian Science Monitor басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады.
"Совет доорунда мындай иш-чаралардын урааны "тынчтык жана достук" болсо, бүгүнкү идея көп уюлдуу дүйнөдөгү жалпы жана либералдык эмес баалуулуктарга басым жасалууда", — деп жазылат макалада.
Басылма Россиянын конкурстун географиясын "Евровидениеге" караганда кеңейтүү аракети Батыштагы "орус маданиятын жасалма шылтоо менен чектөө" тенденциясына байланыштуу болушу мүмкүн экенин белгилеген.
"Интервидение" эл аралык музыкалык сынагынын финалы кечээ Москвадагы Live Арена концерттик жайында өттү. Ага 22 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Жыйынтыгында вьетнамдык Дык Фук жеңүүчү болду. Экинчи орунду Кыргызстан, үчүнчүнү Катар ээледи.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын атынан сынакка "Номад" тобу катышып, "Жалгыз сага" аталышындагы чыгармасын тартуулады.