Россияда билим алгыңыз келеби? 700 орунга документ кабыл алуу башталды

Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Россиянын жогорку окуу жайларына өкмөттүк квота боюнча окууга документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Россотрудничество билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанга 700 орун бөлүнгөн. Ал акысыз окууну, жатакана жана стипендияны камтыйт. Кыргызстандын жарандары бакалавриат, магистратура, аспирантура, ординатура жана кошумча кесиптик билим берүү программаларына тапшыра алат.
Документтерди кабыл алуу 15-декабрга чейин education-in-russia.com сайтында гана жүргүзүлөт. Кабыл алуу жөнүндө маанилүү маалыматтар Бишкек жана Ош шаарларындагы "Русский домдун" социалдык тармактардагы баракчаларына жана uchebarf.kg сайтына жарыяланат.
Кыргыз-Россия Славян университетинде 24-сентябрь күнү Россия-Кыргыз билим берүү форумунун алкагында көргөзмө өтөт. Катышуучулар тапшыруу маселелери боюнча кеңеш алып, Россиянын алдыңкы 30 университетинин өкүлдөрү менен жолуга алышат. Көргөзмө бир күн бою Киев көчөсү, 44 дарегинде саат 11:00дөн 18:00гө чейин болот.
Суроолор боюнча (+996 312) 30-05-43 телефонуна же abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук почтасына кайрылыңыз.
Бишкекте II Россия-Кыргыз билим берүү форуму өтөт