Садыр Жапаров ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын кабыл алды

Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын жана вице-президенттерин кабыл алды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Анда уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу биринчи жолу өтүп жатканы белгиленген.
Жапаров бирикменин мындан ары өнүгүшү үчүн конкреттүү жана реалдуу натыйжаларды бере турган кадамдарга барып, көптөгөн экономикалык, инфраструктуралык, гуманитардык маселелерди өкмөт башчыларынын деңгээлинде чечсе болорун айткан.
Жолугушууга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин премьер-министрлери жана уюмдун баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышкан.
Жапаров Жалал-Абадды Манас шаары деп атоо боюнча мыйзамга кол койду