БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Сокулук районунун акиминин орун басары коррупцияга шектелип кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматта акимчиликтин, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери жана айыл чарба багытындагы жерге ээлик кылгандар катышкан коррупциялык схема аныкталганы белгиленген.
"Алар өз ара ымала куруп, 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жалпы аянты 200 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер тилкелеринин категориясын которуп, турак жай курууга сатып келишкен. Бир эле жер тилкесин бир нече жолу сатуу фактылары аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен иш козголуп, Сокулук районунун акиминин орун басары С.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Аталган кылмыш ишинин алкагында буга чейин да айыл чарба багытындагы жерин саткан беш киши кармалган.