БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстан менен Россия ТИМдеринин 2025-2027-жылдарга кызматташуу программасына ылайык эл аралык укуктук маселелер боюнча консультациялары өттү.
Министрликтин маалыматында кыргыз тарапты ТИМдин Эл аралык-укуктук департаментинин директору Адылбек Тултемиров, ал эми Россияны Тышкы иштер министрлигинин Укуктук департаментинин директору Максим Мусихин жетектегени айтылды.
Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык укуктук маселелерди талкуулап, ар кыл уюмдардын алкагында ишти координациялоону макулдашкан. Ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын эл аралык келишимдерге тиешелүү мыйзамдарынын учурдагы абалы боюнча кеп болгону айтылды.