БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин кийинки жумада өзүн-өзү таркатуу ыктымалдуулугу 99,7 пайызды түзөт. Бул тууралуу парламент депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, учурда көпчүлүк шайлоого даярданып жатат.
"Бул ирет шайлоо өнөктүгү кыскартылган режимде өтүп, болгону 20 күндү түзөт", — деди Бекешев.
Демилгечи топко кирген депутат Акбөкөн Таштанбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине тароо боюнча демилге көтөрүүгө жетиштүү кол топтолгонун тастыктады. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш 25-сентябрга чейин тарап, шайлоо 30-ноябрга белгилениши керек. Ал эми парламенттин өзүн-өзү таркатуу демилгеси тиешелүү комитетке 22-сентябрга чейин кириши кажет.
Таштанбеков маселе Жогорку Кеңеште колдоо табышы үчүн депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнүн, башкача айтканда, 60тан ашыгынын добушу зарыл экенине токтолду.