БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Токмокто Ислам академиясын ачканын анын маалымат кызматы билдирди.
Кабарга таянсак, аталган диний окуу жай теология жана дин таануу багытындагы адистерди даярдайт. Анын негизги вазийпасы – сапаттуу теологиялык билим берүү, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, жаштарды радикалдык агымдардан коргоо жана мамлекеттик билим берүү системасына шайкеш диний билим берүүнү камсыз кылуу.
"Ислам академиясы – менин жарлыгым менен түзүлгөн алгачкы мамлекеттик жогорку диний окуу жайы болуп саналат. Анын ачылышы мамлекетибиздин дин саясатын жаңы баскычка көтөрүп, билим берүү менен илимди айкалыштырганын көрсөтөт", — деди Жапаров.
Окуу жайдын кампусу эки гектар аянтка салынды. Анын ичинде окуу корпусу, спорт зал жана жатакана бар. Академия 400 студентке ылайыкташтырылган жана толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланат.