Ислам өлкөлөрүнүн башчылары Газаны калыбына келтирүүнү жакташты

Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Араб жана ислам мамлекеттеринин жетекчилери Газа секторун калыбына келтирүү ниетинде, ал жактан палестиналыктарды көчүрүү боюнча аракеттердин бардык түрүнө каршы. Мындай шарт аталган өлкөлөрдүн бүгүн Дохада өтө турган саммитинин декларация долбоорунда камтылганын РИА Новости жазды.
"Биз Израилдин 1967-жылдан бери оккупацияда турган аймактан палестиналыктарды көчүрүү аракетин кескин сындайбыз. Газа секторун саясий да, техникалык жааттан да калыбына келтирүү боюнча араб-ислам планын ишке ашыруунун зарылчылыгын белгилейбиз. Реконструкцияга токтоосуз киришүү керек", — деп айтылат документте.
Саммит катышуучуларына төмөнкү тезистер да сунушталат:
Израилдин Катарга жасаган соккусу Газа боюнча ортомчулук аракеттерди, жалпы эле алаканы оңдоого жасалган кадамдарды ойрондотот;
Израилдин Катарга жана башка мамлекеттерге сокку уруу опузасына жол берилбеши керек;
Израилдин Катар жана палестиналыктарга каршы аракети региондогу тынч жашоого кедергисин тийгизет;
Израиль тарабынан Дохага урулган соккуга Катардын жооп иретинде жасалчу кадамдары колдоого алынат.
Ислам кызматташтыгы уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңеши өткөргөн чукул жыйынга Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев катышты. Министрлер Катар менен Газадагы абалды талкуулап, Жакынкы Чыгыштагы кагылышууну токтотуп, региондо тынчтык орнотууга багытталган чараларды иштеп чыгуу жана координацияны чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашышты.
Катардын премьери: Нетаньяху израилдик туткундардын бошонуу үмүтүнө суу септи