БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Шейшембиде күндүз айрым жерлерде күн күркүрөп, жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй жергесинде +16...+21, Талас, Ысык-Көл аймактарында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +20...+25, Нарын облусунда +17...+22 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +19...+21, Ош шаарында +21...+23 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.