Лавров: Чоң Алтай евразиялык биримдиктин маанилүү элементи болуп саналат

Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Чоң Алтай Евразиядагы биримдиктин маанилүү элементи болуп саналат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
Барнаулда "Чоң Алтай мейкиндигиндеги славян-түрк дүйнөсү: тарых жана азыркы учур" аттуу IV эл аралык алтай таануу форуму өтүп жатат. Лавров иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо жолдоду.
"Бүгүнкү күндө Чоң Алтай жалпы евразиялык биримдиктин маанилүү элементи, уникалдуу тарыхый-маданий симбиоз бойдон калууда. Форум бийлик органдарынын, эксперттик, академиялык, коомдук чөйрөлөрдүн Россиянын жана бир катар чет өлкөлөрдүн, биринчи кезекте биздин борбор азиялык стратегиялык өнөктөштөрүбүздүн жана союздаштарыбыздын өкүлдөрүн бириктирген абройлуу талкуу аянты катары бекемделгенин канааттануу менен белгилейм", — деген ТИМ башчысы.
Лавров Россияда эзелтеден бери көптөгөн этностордун, маданияттардын, диндердин өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашап келгенин баса белгиледи.
"Алардын баарын жалпы адеп-ахлактык баалуулуктарга берилгендик бириктирип турат. Биз бул көп түрдүүлүктөгү биримдикти мындан ары да аярлап сактайбыз", — деди ал.
"Чоң Алтай мейкиндигиндеги славян-түрк дүйнөсү: тарых жана азыркы учур" аттуу IV эл аралык алтаистика форуму Россиядан, Беларустан, Венгриядан, Казакстандан, Кытайдан, Кыргызстандан, Монголиядан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Түркиядан жана Өзбекстандан келген 500гө жакын окумуштуунун, студенттин, изилдөөчүнүн, анын ичинде алтаистика жана тюркология тармагындагы дүйнөгө таанымал эксперттердин катышуусунда өтүүдө. Катышуучулар Чоң Алтай элдеринин тарыхы жана маданиятындагы эң маанилүү маселелерди талкуулашат.
Радио
Бакчиев: 20дай өлкө катышкан Сибирь фольклорчуларынын III форуму өттү