Көбүнчө жетпеген сүйүүнү ырдайм. Обондору жүрөккө жеткен Түмөнбай Колдошовдун маеги

Терең маанилүү, салмактуу чыгармалары менен күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан обончу, аткаруучу, педагог Түмөнбай Колдошов менен баарлаштык.
Sputnik
Биздин чыгармачыл топ ал жетектеген Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетине барды. Болжогон саатка даяр болуп, күтүп жаткан экен. Баарлашуу Колдошовдун атасы тууралуу башталды. Айтымында, атасы чыгармачылык дүйнөгө өтө жакын, жакшы ырдайт, анан дагы уулунун ыр-обондорунун негизги сынчысы. Колдошовдун өнөр артынан түшүүсүнө атасынын таасири күч.
Андан ары педагогикалык ишмердүүлүгү, обондорунун жаралышы тууралуу кеп уладык. Колдошов филология илимдеринин кандидаты, андыктан тексттин мазмунун кылдаттык менен карап, тандайт.
"Обондорум кандай экенин билбейм, бирок мен тандап алган тексттер начар болбойт. Анткени адамдар аны ырдайт, ырдап жатып ошол ыр менен жашап калат. Ал эми сөз кайсы бир деңгээлде магиялык күчкө ээ", – деди ал.
Тема боюнча:
Атамдын шагын сындырганыма өкүнөм. Өзүбеков менен ачык видеомаек