БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. 15-сентябрь, дүйшөмбүдө күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +21...+26, Ош. Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32, Нарын чөлкөмүндө +22...+27 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +27...+29, Ош шаарында +29...+31 градуска чейин көтөрүлөт.