ШКУ Израилдин Катарга чабуул жасаганын айыптады

Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюму Израилдин Доханын эл жашаган аймагына чабуул коюшуна терең тынчсыздануусун билдирип, Катардын эгемендигине доо кетишин айыптады. Бул туурасында аталган уюмдун сайтында жазылган.
Бул аракеттер БУУнун Уставын, эл аралык укуктун негизги нормалары менен принциптерин одоно бузарын белгилешкен. ШКУ эл аралык мамилелерде күч колдонууга жана аны колдонуу коркунучуна кескин каршы чыгып, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен жумшартууну колдойт.
Уюмга мүчө мамлекеттер БУУнун Уставы менен ШКУ Хартиясынын максаттары жана принциптери так сакталышы керектигин, мыйзамсыз ар кандай аракеттерди жасоого болбойт деп эсептешет.
Кырдаал кантип курчуду
Израилдин коргонуу армиясы 9-сентябрда "Оттуу чоку" деп аталган операциянын башталганын жана ХАМАСтын башында турган аткаминерлерине чабуул жасалгандыгын кабарлаган.
Окуяга күбө болгондор РИА Новостиге Дохада катуу жарылуулар болгонун айтып берген. Israel Hayom басылмасы АКШ менен Катарды аталган лидерлерге сокку уруунун алдында кабардар кылганын жазды. Нетаньяхунун кеңсеси бул кадам боюнча чечимди Тель-Авив өзү кабыл алгандыгын жана жоопкерчиликти да өз мойнуна аларын билдирди.
Муну менен катар эле Трамп чабуулдан кийин Нетаньяху менен сүйлөшкөнүн жана муну "кырсык" деп атагандыгын айтты.
РИА Новостиге түшкөн маалыматтарда ХАМАС Израиль чабуулунан алты киши көз жуумп, кыймылдын Газа тилкесиндеги жетекчиси да уулунан ажыраганын билдирген.
Араб мамлекеттеринин арбыны Израилдин бул жоругун айыптап, ал нерсе жалпы аймактагы коопсуздук менен туруктуулукка доо кетирип жатканын айтып, Катарга тилектештигин билдирди. Мындан сырткары, эл аралык коомчулукту Тель-Авивдин мындай чабуулдарына чекит койдурууга чакырды.
Катардын премьер-министри Мухаммед бен Абдеррахман Аль Тани маалымат жыйын учурунда Израилге жооп кайтаруу маселесин Доха өзү чечерин айтып, жалпы Жакынкы Чыгыш менен Перс булуңун масштабдуу согушка алып келүүчү "Нетаньяхунун акылсыздыгын" токтотууга чакырды.
Россия ТИМинен Москва бул чабуул эл аралык эрежелерди бузуу болуп эсептелерин айтып, тараптарды абалды курчутуп жибербей кепке келүүгө чакырган.
Ал эми Кыргызстан ТИМи Бишкек бул окуяны эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу, ошондой эле өлкөдөгү Катар жарандарынын жана чет элдиктердин коопсуздугу менен өмүрүнө олуттуу коркунуч деп атады. Президент Садыр Жапаров Доха шаарында болгон ракеталык чабуулду айыптай турганын анын маалымат кызматы кабарлады.
Катардын премьери: Нетаньяху израилдик туткундардын бошонуу үмүтүнө суу септи