Президент Алымбек датканын медресесин калыбына келтирүүнү сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Алымбек датканын медресесин калыбына келтирүүнү сунуштады.
Кечээ Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чараларда Садыр Жапаровго Алымбек Асан бий уулунун жеке буюмдары менен кошо медресесинин 3D макети дагы көрсөтүлүп, аны калыбына келтирүү зарылдыгы айтылды. Медресенин орду бош экенин уккан өлкө башчы аталган жайды калыбына келтирүүнү сунуштады.
Кечээ Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган ич-чараларда Садыр Жапаровго Алымбек Асан бий уулунун жеке буюмдары менен кошо медресесинин 3D макети дагы көрсөтүлүп, аны калыбына келтирүү зарылдыгы айтылды
Мамлекет башчы облус жетекчилигине бул боюнча долбоорду даярдап келүүнү тапшырды.
Алымбек датка өз учурунда Самарканд менен Кашкардан архитекторлорду алдырып, медресе курдурган. Алардын келип-кетүүсү, эмгек акысы жана үй-бүлөсүнүн акча муктаждыктарына чейин өзү каржылаган. Ал тургузган эки кабат медреседе мударискана, дарскана, намазкана жана жатак жайлар болгон. Медреседе иштегендерди да, окугандарды да тамак-аш, кийим кече менен камсыз кылып турган. Ал "Алымбек датканын Ак медресеси" деп аталып жүрөт.
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек?