Чүйдө эки баласын бычактады деген шек менен аял кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Чүйдө 12 жаштагы кыздын жана 2 жаштагы наристени бычактады деген шек менен энеси кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-сентябрда саат 19:28дер чамасында Чүй районундагы үйлөрдүн биринен жашы жете элек балдардын сөөгү табылган.

"Окуя болгон жерге дароо тергөө-оперативдик топ чыгып, 12 жаштагы кыз жана 2 жаштагы наристенин сөөгүн бычактан алган жаракаттар менен тапкан. Факт боюнча "Киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголуп, балдардын сөөгү Токмок шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилди. Зарыл соттук-медициналык экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү катары маркумдардын М.М. аттуу энеси кармалды.
Адамды өлтүрүп, дааратканага салып жиберген. Чүйдө 17 жаштагы шектүү кармалды