БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкектеги Кара-Жыгач паркында экологиялык фестиваль өтүп, бир жарым тоннага чукул таштанды чыгарылды.
Ага шаар тургундары, студенттер, дарыгерлер, экология боюнча активисттер катышты. Тазалык фестивалына келгендер командаларга бөлүнүп, тазалоо жана таштандыны иргөө боюнча "Таза оюндар" аталышындагы сынакка да катышты. Уюштуруучулар мындай жарыштарды өткөрүүдө катышуучулар демейдеги ишембиликтерге караганда таштандыны орто эсепте он эсеге көп топтой тургандыгын билдиришти.
Бир сааттын ичинде бардыгынан көп чогулткан команда жеңүүчү болду. Фестивалдын соңунда катышуучулар таштандылар арасынан телевизор, майыптар арабасы, төшөк сыяктуу буюмдардын чыкканына таң калышканын айтып беришти.
Иш-чара "Чистые игры" экологиялык коомдук кыймылы тарабынан "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын колдоосунда уюштурулду.