Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таратуу боюнча демилгечи топ түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Парламентти таратуу боюнча сунуш кийинки аптада тиешелүү комитетте каралышы күтүлүүдө.
Агенттиктин өздүк маалымат булактары парламент сентябрдын соңунда таркай турганын айтышууда. Кезексиз шайлоо бир жарым ай ичинде ичинде өтүшү керек.
Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, өзүн-өзү таркатуу жөнүндө сунушту депутаттардын үчтөн бири демилгелей алат. Анын себеби жана негиздемеси кошо көрсөтүлүшү зарыл.
Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө токтом кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Ал дайындалгандан кийин 45 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров эгерде парламент өзүн-өзү таратуу тууралуу чечим кабыл алса БШК шайлоону эрте өткөрүүгө даяр экенин билдирген.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш быйыл кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, келе турган парламент 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округунан түзүлөт. Алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат.
Коомчулукта эмдиги жылы эки шайлоо удаа келгендиктен парламенттик шайлоо быйылкыга жылып жатканы айтылууда. Кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрында, президенттик шайлоо 2027-жылдын январына бегиленген. Бул учурда ортодо 2-3 ай гана калмак.
Парламент ЖК депутаттарын шайлоо системасын өзгөртүү мыйзамын колдоду