БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Непалда массалык нааразылык акциялары учурунда министрлерди тик учактардан түшүрүлгөн аркандардын жардамы менен эвакуациялоого туура келген. Бул тууралуу Индиянын Times гезити кабарлады.
Мындай чукул чара каршылык акциясына чыккандардын көчөлөрдү тосуп, жогорку кызматтагы адамдардын коопсуздугуна коркунуч жараткандыгына байланыштуу көрүлгөн.
Сентябрь айынын башында өлкө бийлиги Facebook, Instagram, WhatsApp жана YouTube сыяктуу бир катар популярдуу мессенжерлердин жана социалдык тармактардын ишин бөгөттөө чечимин кабыл алган. Чектөөлөр маалыматтын тарашын көзөмөлдөө жана нааразычылык маанайын басуу максатында киргизилген. Бирок бул калкка жакпай, Катмандуда жана башка ири шаарларда көптөгөн демонстрациялардын башталышына алып келди.
Нааразылык акциялары полиция менен кагылышуулар, жолдорду тосуу жана коомдук транспорттун ишиндеги үзгүлтүктөр менен коштолду. Оппозициялык күчтөр жана укук коргоочулар чектөөлөрдү сөз эркиндиги менен пикир билдирүү эркиндигин бузуу катары сыпатташты.