Жер титирөө эмне үчүн башкача сезилди? Канат Абдрахматовдун комментарийи

Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жер титирөөнүн очогу 15-20 чакырым тереңдикте борбор калаага жакын жайгашкандыктан тик толкундар келип, Бишкекке башкача сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, азыр саат 13:57де Бишкектен 20 чакырым чыгыш тарапта очогунда 4,5 баллдык жер титирөө катталды.

"Силкинүүнүн очогу 15-20 чакырым тереңдикте жайгашып, бизге жакын болгондуктан Бишкекке тик толкундар келди. Ошон үчүн башкача сезилди. Азырынча кайталанышы мүмкүн деген маалымат жок. Афтершок мындай учурда эмес, адатта жер катуу титирегенде болот", — деди башкы сейсмолог.

Абдрахматов титирөө Ысык-Ата жаракасында болгондугу тууралуу божомолго да тактоо киргизип, андай болушу мүмкүн эместигин айтты. Ал жараканын тереңдиги 3-4 эле чакырым экенин, азыркы силкинүү андан да ылдый жактан чыкканын белгиледи.
Кыргызстанда жер титиреди