БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. 13-сентябрь, ишембиде, күндүз айрым аймактарда жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл өрөөнүндө +22...+27, Нарын жергесинде +24...+29 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +28...+30, Ош шаарында +32...+34 градуска чейин көтөрүлөт.