Эл муну укса күлөт... Бишкекте тыгын азайды деген жетекчини депутат зекиди

Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешев Бишкекте унааларды эвакуациялоону токтотуу маселесин кайрадан көтөрдү.
Анын айтымында, бул процесс бизнеске айланып калды.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары Эмил Жакыпов унааларды эвакуациялоо көйгөйдү чечүүгө жардам бергенин айтты. Ал борбордо тыгын мурдагыдан кыйла азайганын белгиледи.
"Азыр эл муну укса күлөт. Кайсы жерде тыгын азайды? Тескерисинче, көбөйдү. Унаа токтоткон "чөнтөкчөлөр" алынып, чакан бизнес өлдү. Унаалар болсо жол боюнда токтоп турат. Эртеден кечке тыгын. Азайды деп алдап жатасыз. Отчет үчүн эле ушинтип айтып жатасыз", — деди эл өкүлү.
Эске салсак, Бишкек мэриясы жакында эле Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, туура эмес токтотулган унааларды эвакуация кылуу жана жаза чегерүү укугун сураган.
"Түшүнүп турам, тыгын, ызы-чуу болот". Бишкектин мэри шаардыктарга кайрылды