Садыр Жапаров дүйнөдөгү эң бай үй-бүлөнүн өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, жолугушууда кызматташуунун келечеги, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Президент Rothschild & Co туруктуулук жана кесипкөй экспертиза менен ассоциацияланарын айтып, тажрыйбасын Кыргызстан менен бөлүшүүгө даярдыгы өнөктөштүккө өзгөчө маани берерин белгиледи. Компания өкүлдөрү кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка — ГЭС-5 унаа жолунда асфальт төшөө иштери башталганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.Ошондой эле суу түтүктөрүн орнотуу, жолдун энин кеңейтүү жана негизги жолго катарлаш болгон Биримдик-Кут конушуна кирүүчү кошумча эки тилкенин негизин даярдоо жумуштары жүрүп жатканы белгиленди. "Унаа жолдун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, мурда эки тилке болгон жол төрт тилке болуп кеңеет. Ошондой эле жөө адамдар баскан жол салынып, жарыктандырылат", — деп айтылат маалыматта.
Телефон чалуулар жана ар кандай онлайн-ыкмаларды колдонуп интернет алдамчылыгын уюштурууга шарт түзүүгө шектелген эл аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматта аталган топтун колунан КМШ өлкөлөрүнүн көптөгөн жарандары жабыр тартышы мүмкүн экени айтылган. Шектүүлөр SIM-BOX деп аталган атайын жабдыкты колдонуп элди тузакка илишкен. Ал мобилдик номер түзүү жана алмаштыруу үчүн колдонулат. Мисалы, Казакстанда туруп Кыргызстанга чалса деле жергиликтүү номерлерден чалып жаткандай көрүнөт. Шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда 32 SIM-карта салынган SIM-BOX жабдыгы, жергиликтүү жана чет өлкөлүк уюлдук операторлордун 71 даана SIM-картасы табылган.
Катмандуда армия штабынын жанында өздөрүн "Z муун" деп атаган топтор кагылыша кеткенин жергиликтуу басылмалар жазды. Башаламандык Непалдын Жогорку сотунун мурунку төрагасы Сушила Каркини убактылуу премьер-министр кылып дайындоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда башталган. "Митингчилер аталган кызматка Карки эмес, өздөрүнүн талапкеринин дайындалышын каалап жатышат. Чогулгандардын басымдуу бөлүгү мэр Дхаран Харка Сампангды колдоодо", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, тартип орнотуу үчүн штабдын жанына Непал армиясы тартылганы айтылды./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 31 тыйынга рубль 1 сом 4 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 68 сом 40 тыйындан баштап, 69 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 90 тыйындан 75 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 75 сом 40 тыйындан тарта 75 сом 80 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 12-сентябрга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +29…+31, Ош шаарында +32...+34 градуска көтөрүлөт.