БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы күрөшүү боюнча аймактык түзүмдөрүнүн кеңешинин отуруму өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөн жыйында терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы биргелешип күрөшүү маселелери каралды.
"Эл аралык террордук уюмдарга каршы биргелешкен маалыматтык иш-чараларды өткөрүү макулдашылды. Интернет тармагын террордук, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда пайдаланууга каршы күрөшүү үчүн практикалык семинарларды өткөрүү пландаштырылды", — деп айтылат маалыматта.
Жыйынга Россия, Беларусь, Индия, Иран, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстандын жооптуу кызмат адамдары катышкан.