Кыргызстандык 14 миңден ашык мигрант Россиядагы статусун мыйзамдаштырды

Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстандын 14,6 миңден ашык жараны Россияда статусун мыйзамдаштырды. Бул тууралуу РФтин Ички иштер министрлиги билдирди.
Эске салсак, бүгүн Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү аяктады.
11-сентябрдан тарта аны аткарбаган чет элдик жарандар өлкөдөн чыгарылып, мыйзамда каралган бардык чектөөлөр колдонулат, анын ичинде Россияга кийин кирүүгө тыюу салынары айтылган. Мындай адамдар жөнүндө маалыматтар көзөмөлгө алынгандардын реестрине киргизилет.
Акыркы мүмкүнчүлүк! ТИМ башчысы “кара тизмедеги” мигранттарга кайрылды