БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путиндин сөзүнөн кийин АКШ президенти Дональд Трамп дипломатиялык аракеттерин арттырышы керек болчудай. Бул туурасында Responsible Statecraft басылмасы жазган.
ШКУнун саммитинде Путин эгерде акыл-эстүүлүк менен иш алып барса согушту токтотуунун ылайыктуу варианттарын сүйлөшүүгө болорун айткан.
"Бул сөздөрдү Дональд Трамп угат деп ишенели. Антейин десең, Путин менен Аляскадагы жолугушуусу ойлогондой жемиштүү болгон жок. Трамп Украинадагы жаңжалды токтотуу үчүн көп аракет кылышы керек. Россияга аскерий кысым көрсөтүп, кошумча санкцияларды киргизиш керек деген чакырыктарды кулактын сыртынан кетирүүгө туура келет", — деп айтылат макалада.
Автор Трамп Вашингтондун, Москванын жана Киевдин ортосундагы олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү демилгесин көтөрүшү үчүн дипломатиялык аракеттерин күчөтүшү керектигин айткан. Бул кадам көп жага бербесе да качандыр бир кезде жолугушуу башталышы шарт экенин, кол куушуруп күтүп отура берүү тынчтыкты орнотуп бербестигин белгилеген.
Путин шаршемби күнү Кытайдагы сапардын жыйынтыгы тууралуу журналисттерге айтып берип жатып, "эгер Зеленский жолукканга даяр болсо Москвага келсин" деген эле. Кийинчерээк анын маалымат катчысы Дмитрий Песков РФ лидери Киев башчысын капитуляциясын кабыл алыш үчүн эмес, сүйлөшүүгө чакырганын айткан.
РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Путин Зеленский менен мамлекет башчылары гана чече ала турган стратегиялык маселелерди талкуулоо үчүн жолугарын айткан эле.
Көп өтпөй Киев башчысы диалог үчүн Москвага келүүдөн баш тарткан.