Бишкекте 1941-жылдын 8-сентябры — Ленинград блокадасынын башталган күнүнө карата "Блокада жаңырыгы" акциясы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди. Мугалимдер менен окуучулар Ыйык Владимир князынын мектебине, "Российская газета" басылмасынын Борбор Азия боюнча аймактык өкүлчүлүгүнө жана №60 орто мектепке барышты. Окуучулар ар бир аялдамада согуш жөнүндө ырларды жана Даниил Гранин менен Алесь Адамовичтин "Курчоодогу китеп" чыгармасынан үзүндүлөрдү окушту. Балдар ошондой эле блокадачыларга ыраазычылык каттарын жазышты.Акция Даниил Граниндин мурасын сактоо жана жайылтуу фондунун демилгесинин алкагында өттү. "Блокада жаңырыгы" эрдиктин жана эскерүүнүн символу болгон Ленинградды, тарых сакталган Юграны жана блокададагы Ленинграддан келген балдарды кабыл алып, өз жоокерлерин Невскийге жөнөткөн Фрунзе шаарын бириктирди. Акция совет элинин эрдиги менен кайраттуулугун эскерткен иш-чара болуп калат", — деп айтылат маалыматта.
Үстүбүздөгү жылдын, 11–12-сентябрь күндөрү Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө орду бар, кыргыз элинин биримдиги жана азаттыгы үчүн эмгектенген мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет.“Алымбек датка” коомдук фондунун төрагасы, датканын урпагы Абдылдабек Эгембердиевдин билдирүүсү боюнча, иш-чаранын алкагында кыргыз-казак акындарынын ортосундагы эл аралык “Айтыш”, улуттук оюндар жана гала-концерт өтөт.Анын айтымында, учурда даярдык көрүлүп, Алымбек датканын жайлоосунда 200 бой үй тигилүүдө. "Ошондой эле 11-сентябрь күнү Гүлчө айылындагы Алай райондук маданият үйүндө акындарды тандоо туру өтүп, эртеси күнү финал болот. Байге фонду – 600 миң сом. Жеңүүчүгө Ош шаарынан бир бөлмөлүү батир тапшырылат.Ал эми кунан, жорго жана аламан чабыш өткөрүлүп, оюндун бул үч түрүнө үч автоунаа коюлууда. Андан сырткары, ордо, күрөш, аркан тартыш, салбуурун ж.б. улуттук оюндар уюштурулат. Иш-чаранын соңунда маданият кызматкерлеринин катышуусунда гала-концерт өтөт”-деп билдирди ал. Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин тескемесине ылайык Алымбек датканын 225 жылдыгы жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмегине кирген.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн парламентин бир палаталуу кылып өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу «Казинформ» жазып чыкты. Анын айтымында, бул жүргүзүлүп жаткан саясий реформалардын логикалык уландысы болуп, «Күчтүү президент – таасирдүү парламент – отчеттуу өкмөт» моделин бекемдөөгө жардам берет. Мамлекет башчы бул маселе коомдо жана эксперттик коомчулукта жыйырма жылдан бери талкууланып келе жатканын белгиледи. Токаев 1995-жылы түзүлгөн Сенат мамлекеттик курулуштун жана мыйзам чыгаруу процессинин туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойногонун белгиледи. Бирок, саясий маданияттын өнүгүшүн, коомдун жетилгендигин эске алып, бир палаталуу системага өтүү маселесин кеңири талкууга коюу мезгили келгенин белгиледи. Анын сунушуна ылайык, мындай масштабдуу реформаны талкуулоо кеминде бир жылга созулуп, андан кийин 2027-жылы референдум өтүп, жарандардын колдоосу менен Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.