Негизги кагылышуу Миус дарыясында болуп, легендалуу Саур-Могиланы улам бир тарап ээлеп турган.
1-сентябрь күнү нацисттик баскынчылар чегинип, жөн кетпей жердин баарын өрттөп кетишет. Натыйжада жалпы Украинаны бошотуу үчүн плацдарм түзүлүп, 22-сентябрда советтик жоокерлер нацисттерди Днепрдин ары жагына сүрүп чыгарган.
Улуу Ата Мекендик согуш кээрин тарттырып, жүрөктү ооруткан сандарга көз таштасак, согушка чейинки 500 миң жашоочудан бошотулган Донецкиде болгону 17 миң адам калган. Өнөр жай ишканалары талкаланып, завод-фабрикалар жардырылган. Донбасста 300дөй шахта жардырылса, жер алдындагы 2000 чакырымдан ашык көмүр жай зыян тарткан.
Ал эми 1945-жылдын башында аймак кайрадан өзүнө келе баштаганын байкоого болот эле. Шахталардын төрттөн үч бөлүгүнүн иши жанданып, Донбасстын ири ишканалары мурдагы иш процессине акырындап кайта баштаган.