9-сентябрга карата аба ырайы

9-сентябрга караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. 9-сентябрь, шейшембиде, күндүз айрым жерлерде күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жергесинде +20...+25, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +27...+29, Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Министрлик: Бишкекте студенттер 1-октябрга чейин онлайн окуйт деген кабар — фейк