Каракол — Алматы маршруту боюнча түз каттам ачылып, биринчи автобус жолго чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Каракол шаардык автобекетинен алгачкы жолу Каракол — Алматы багыты боюнча автобус каттамы жолго чыкты. Бул тууралуу Каракол автобекетинин директору Марс Алиев билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдун узундугу 370 чакырымды түзүп, жол кире 1 200 сом болот.
"Мурда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы жол кыйла узун болуп, Чүй облусу аркылуу өтүүгө туура келип кошумча чыгым алып келчү. Жаңы каттамдын ачылышы Ысык-Көлдөгү туристтик агымды күчөтүп, эки өлкөнүн тургундары үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Маршрут "Каркыра" өткөрүү пункту аркылуу өтүп, автобустар жыл бою жүрөрү айтылган.
Жапаров менен Токаев “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелигин ачышты