Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Батыш басылмалары Россиянын Украинадагы үстөмдүгүнүн себебин атады

Sputnik
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. АКШ менен Европанын Украина боюнча бирдиктүү стратегиясынын жоктугу Россияга пайдалуу болуп, анын жаңжалдагы үстөмдүгүн сактап туруусуна шарт түзүүдө. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасына шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Макалада белгиленгендей, мындай стратегия Россияга убакыттан пайдаланууга жол бербей, Владимир Путиндин эсептерин өзгөртө алмак. Басылмада учурдагы кырдаал уланса эки-үч жылда Украина армиясынын коргонууга жөндөмсүз болуп калары айтылган.
Материалда санкцияларга карабай Россиянын экономикасы 2023–2024-жылдары энергия ресурстарынын экспорту жана фискалдык колдоого таянып өскөнү көрсөтүлдү. Ошол эле маалда Батыш өлкөлөрү Кытайга каршы санкция салууга кызыкдар эместиги белгиленген.
Үстүбүздөгү жылдын 15-августунда АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия лидери Владимир Путин Аляскада жолугуп, үч саатка чукул сүйлөшүшкөн. Тараптар Украина көйгөйүн жөнгө салуу жаатында биргелешип иштөөгө даярдыгын билдиришкен. Бүтүндөй дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган бул окуядан кийин өлкө башчылары чогуу маалымат жыйын өткөрүп, сүйлөшүү конструктивдүү маанайда, мазмундуу болгонун айтышкан.
18-августта Трамп Вашингтондо Владимир Зеленский менен сүйлөшүү өткөрүп, эки тараптуу жолугушуудан кийин Европа лидерлери катышкан жыйын болгон. Анда Киевдин коопсуздук кепилдиктери талкууланган.
Трамп өз кезегинде АКШ аскерлери Украинага жөнөтүлбөй турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп: Украинадагы жаңжалдын чыгымын НАТО көтөрүүдө, АКШ тыйын да коротпойт